Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
ЖМК: Орусия менен Украина бүгүнкү сүйлөшүүсүн жыйынтыктады
29.03.2022 | 17:54
Стамбулда Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн биринчи күнү аяктап, талкуу үч саатка созулганын Анадолу агенттиги кабарлады.
«Орусия менен Украинанын Стамбулдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн биринчи күнү аяктады», — деп билдирди агенттик Твиттерде.
Жолугушуу Москва убактысы боюнча саат 11.30да башталып, Долмабахче президенттик сарайында жабык өттү. Бүгүнкү сүйлөшүүнүн жыйынтыкталганы туурасында маалымат Бишкек убактысы боюнча саат 17 :10дө пайда болду.
Орус делегациясын мурдагыдай эле президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп келди. Сүйлөшүүлөр алдында Мединский менен Жогорку Рададагы «Слуга Народа» фракциясынын лидери Давид Арахамиянын жолугушуусу болду.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар