Кыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын тогуз айында 1,24 триллион сомго жетти«Таксист-маньяк»: Кумарбектин кылмыштарынын коркунучтуу хронологиясыМадагаскарда президент өлкөдөн качып, бийлик аскерлердин колуна өттүБишкектеги ЦУМдун жанындагы оңдоо иштери декабрдын башында аяктайтАйсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыктыМосквада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлду
Куткаруучулар эки чабанга жетип барышты
30.03.2022 | 09:49
26-март күнү Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Саз кыштоосунун Көңтөрмө тилкесинде мал-жандыктары менен кыштаган 2 чабан байланышка чыкпагандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 офицер, айыл башчысы жана Суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер, Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүнөн 1 камаз алып 15 чакырым жол тазаланып, кыштоого чөп, жем жеткирүүгө дайындалып, унаа жете турган жерге чейин жеткирип беришкен.
Ал эми тартылган күч каражаттар Ардак тилкесинде жайгашкан сарайга жетишип түнөккө калышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар