Кечээки шамал: Кайсы жерлерде кыйроолор болду?

Кечээки шамал: Кайсы жерлерде кыйроолор болду?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Токмок шаарында 29-март күнү саат 15:35 чамасында ылдамдыгы 20-22 м/с жеткен катуу шамал катталып, Комсомольская көчөсүнүн №77 дарегинде жайгашкан №1 орто мектебинин болжол менен 91 ч.м. спорт залынын тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

Аламүдүн районунда 29-март күнү саат 15:10 чамасында ылдамдыгы 17-20 м/с жеткен катуу шамал катталып, Аламүдүн айылынын Чугуев көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан дөңгөлөк желимдөөчү жайынын (вулканизация) тунике менен жабылган аянты болжол менен 15ч.м. чатырын шамал учуруп, электр зымына илинип калган. Жабыркагандар жок.

Талас облусунун Кара-Буура районунда 29-март күнү саат 15:30 чамасында ылдамдыгы 25-27 м/с жеткен катуу шамал катталып, Шекер айылынын Момбеков көчөсүндө жайгашкан Т. Айтматов атындагы орто мектебинин спорт залынын 432 ч.м. тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

Министрликтен кабарлагандай, куткаруучулар тартылып тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>