Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Куткаруучулар эки чабанга жетип барышты
30.03.2022 | 09:49
26-март күнү Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Саз кыштоосунун Көңтөрмө тилкесинде мал-жандыктары менен кыштаган 2 чабан байланышка чыкпагандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 офицер, айыл башчысы жана Суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер, Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүнөн 1 камаз алып 15 чакырым жол тазаланып, кыштоого чөп, жем жеткирүүгө дайындалып, унаа жете турган жерге чейин жеткирип беришкен.
Ал эми тартылган күч каражаттар Ардак тилкесинде жайгашкан сарайга жетишип түнөккө калышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар