Улуттук банк: Банк секторунда долларлашуу деңгээли азаюудаАйпери Медет кызы дүйнө чемпионатында алтын үчүн күрөшөтТИМде Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгы талкууландыПикирлер» системасы: Эми жарандар аткаминерлерге түз арыздана алышатАйдоочуларга эскертүү! 17–18-сентябрда Бишкектеги негизги көчөлөрдө чектөө болотБишкекте жалпы шаардык ишембилик өткөрүлөт
Рамзан Кадыров украиналык туткундар тартылган видеону жарыялады
05.04.2022 | 12:26
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров украиналык туткундар тартылган видеону жарыялады.
Анын айтымында, 503-батальондун (36-деңиз корпусуна бекитилген) 267 деңиз аскери 5-апрелде Мариуполь шаарында орус куралдуу күчтөрүнө багынып берген.
«Мен ар дайым украин аскерлерине багынып берүү сунушу менен кайрылып, орус аскерлери менен бирге узак азап чеккен украин элинин бейпил жашоосу үчүн өлкөдө тартипти калыбына келтирүүнү сунуштап келем. Бул чакырыкты 267 адам уккан. Алардын үй-бүлөлөрү мындан ары алар үчүн тынчсыздануунун кереги жок. Алар толугу менен коопсуз», — деп жазат Кадыров.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар