БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Журналист Болот Темиров кайрадан суракка чакырылды
20.04.2022 | 12:33
Temirov LIVE журналисттик иликтөө тобунун негиздөөчүсү, иликтөөчү Болот Темиров 20-апрелде 10:30га милицияга суракка чакырылды. Бул туурасында Болот Темиров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Кечээ дагы үч кылмыш иши козголгону тууралуу протокол менен таанышып чыгууга жана арыз жазууга убакыт беришти. Бирок, бүгүн эртең менен чакыруу келди”, – деп жазган журналист.
Буга чейин Ташиевдер жөнүндө иликтөө чыккандан соң жалпы командасына кысымдар башталганын айтып чыккан болчу.
Соңку иликтөөсү Ташиевдер туурасында болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат