Журналист Болот Темиров кайрадан суракка чакырылды

Temirov LIVE  журналисттик иликтөө тобунун негиздөөчүсү, иликтөөчү Болот Темиров 20-апрелде 10:30га милицияга суракка чакырылды. Бул туурасында Болот Темиров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Кечээ дагы үч кылмыш иши козголгону тууралуу протокол менен таанышып чыгууга жана арыз жазууга убакыт беришти. Бирок, бүгүн эртең менен чакыруу келди», — деп жазган журналист.

Буга чейин Ташиевдер жөнүндө иликтөө чыккандан соң жалпы командасына кысымдар башталганын айтып чыккан болчу.

Соңку иликтөөсү Ташиевдер туурасында болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>