Бишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды
Бишкек мэри Абдыкадыров таң атпай шаар аралады
20.04.2022 | 12:39
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров таң эрте шаардык кызматтардын иши менен таанышып чыкты. Бул туурасында баш калаа бийлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, калаа башчысы “Бишкекжашылчарба”, “Бишкекасфальтсервис”, “Бишкекжарык” муниципалдык ишканаларынын шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу жана жолдорду оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, шаардык кызматтардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди.
Учурда эски аянтта жана сейил бактарда жолду оңдоо, таман таштарды, тышкы жарыктандырууну алмаштыруу жана көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар