Кыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдөДанияр Мамыров: Ислам каржылоосу кандай иштейт жана эмнеге башка банктарга караганда кымбатыраакАстанадагы климаттык суу бөлүштүргүчУКМК «Евразия» соода борборуна эки ирет бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген шектүүнү кармады
Бир күндө алтын куймаларынын унцийи 60 долларга арзандады
22.04.2022 | 17:55
Бүгүн, 22-апрелге карата Кыргызстандын Улуттук банкынын өлчөнгөн алтын куймаларынын унцийинин кайра сатып алуу баасы 161 миң 887 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар башкы банктын сайтында маалымдалган.
Бир күн мурда Улуттук банк алтын куймаларын 166 миң 633,5 сомго сатып алып жаткан. Муну менен бир сутка ичинде унция 4746,5 сомго же 59 долларга арзандады.
Алтындын өлчөнгөн куймаларынын унцийинин элге сатуу баасы 30-марттан бери эч өзгөрүлбөстөн калып, 198 миң 548 сомду түзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика