ЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырды

20.04.2026 | 10:39

Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети Улан Маматкановду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындоого макулдук берди.

Ал социалдык блокту жетектеп, бул кызматта Эдиль Байсаловду алмаштырат. Байсалов буга чейин АКШга элчи болуп дайындалган.

Улан Маматканов 44 жашта. Ал Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында төрөлгөн. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин «мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган, кийин Президентке караштуу Башкаруу академиясында билим алган.

Эмгек жолун 2005-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде баштаган. Вице-премьер-министрдин жардамчысы болуп иштеп, аталган министрликте жана өкмөт аппаратында ар кандай кызматтарды аркалаган. Ар кайсы жылдары Президенттин аппаратында эксперт болуп иштеп, социалдык өнүгүү бөлүмүн жетектеген.

2021-жылдан тартып Социалдык фонддун төрагасынын орун басары кызматын ээлеп келген.

Scroll to Top