Казакстан: Январь окуялары боюнча 243 киши соттолду

26.04.2022 | 15:18

Казакстанда январь окуяларынан кийин козголгон кылмыш иштери боюнча 243 киши соттолду. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди. Ведомсто канча адам түрмө жасасына кесилгенин айткан жок. Сотко 265 иш жөнөтүлгөн.

19-апрелде сот 214 кишиге өкүм чыгарганы белгилүү болгон, алардын ичинен 20 адам түрмөге кесилген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 25-апрелге карата 585 киши шектүү катары камакта отурат, тергөөнүн версиясы боюнча алар имараттарды талкалоо, өрттөө, курал-жарак уурдоо, мамлекеттик объектилерге жана күч түзүм кызматкерлерине кол салуу иштерине активдүү катышкан.

Башкы прокуратуранын өкүлү Елдос Килымжанов Алматы аэропортундагы кол салуу окуясына кеңири токтолду.

“2022-жылы 5-январда “Н” аттуу жаран топ киши менен Алматы шаарындагы аэропорттун учуп-конуу жолунун жарыгын өчүргөн. “Н” өзүнүн аракети менен стартегиялык объектинин кызматын токтоткон, натыйжада учактар жүргүнчүлөр менен учуп кете албай калышкан жана токтон ажыратылган учуу-конуу жолунда он саат аралык турууга мажбур болушкан. Ошол маалда куралдуу топ Алматы аэропортунун имаратын талкалап, талоончулук жасаган”, – деди Килымжанов.

Шектүүгө карата “терроризм актысы” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Казакстандын көзөмөл органы билдиргендей, 25-апрелге карата январь окуялары боюнча 5 041 иши тергелүүдө, анын ичинен 49 иш жапырт башаламандык, 45 иш терроризм актысы боюнча каралууда.

Scroll to Top