Оң рулдуу унааларды тыштан ташып келүүгө уруксаат берүү мыйзамы талкууда

Оң рулдуу унааларды тыштан ташып келүүгө уруксаат берүү мыйзамы талкууда

Оң рулдуу унааларды тыштан ташып киргизүүгө уруксаат берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде талкууланып жатат. Демилгечи депутат Чолпон Султанбекова бул мыйзам долбоордун муктаждыгына токтолду.

2015-жылы оң рулдуу унаалар жол кырсыгын көп жаратып жатат деген негиз менен тыюу салып салган. Бирок, соңку жылдардагы статистикаларады салыштыра турган болсо абал такыр башка. Жол кырсыктын 60 пайыздан ашыгы жол эрежелерин билбегендиктен келип чыккан. Авариялардын келип чыгуусу рулдун кайсы тарабына жайгашканында эмес, рулда ким отурганында, айдоочулук күбөлүктү кандай жол менен алган маселе ошондо болуп жатат. Соңку учурда Орусия менен Абхазиядан коп сандаган унаалар келип жатат. Алардан бажы алымдар алынбай, коопсуз шаар долбооруна айып пулдардын салынбай жатышына себеп болуу. 7 миң  ашык унаа Орусия жана Абхазия өлкөлөрүнөн алынып келген. Алардын техникалык абалдары начар, кыргыз жарандарынын негизги киреше булактары ошол унааларын кармоого кетүүдө”- деп белгиледи.

Ошондой эле мыйзам долбоорунун артыкчылыктарын да түшүндүрүп берди.

Унаалар жаңыланат. Зыяндуу заттар азайып, экологиялык маселени алдын-ала алабыз. Калктын жогорку деңгээлдеги техникалык каражатка болгон муктаждыгын канааттандырат. Республикалык бюджетке да каражат түшөт. Эгерде азыртан оң рулдуу унаага уруксаат бербесек, чет элден келген оң рулдуу унаалар өсүп кетет. Аларды мыйзамдаштыруу кыйынчылыгы жаралат”- деп кесиптештерин мыйзам долбоорун колдоп берүүгө үндөдү.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинен бул мыйзам долбоору өтпөй калды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>