Эрбаев: Оң рулдуу япон унааларын Африка өлкөлөрү эле алат

Эрбаев: Оң рулдуу япон унааларын Африка өлкөлөрү эле алат

Оң рулдуу унааларды тыштан ташып киргизүүгө уруксаат берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде талкууланып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, Япониянын унааларын көп өлкө албай калган деп чынга алды.

«Япония унааларын Африка өлкөлөрүнөн башка эч ким албайт экен. Биз киргизгени аракет кылып жатабыз. Орто Азия мамлекеттерин карап көрсөк, Тажикстан 2015-жылдан бери эле оң рулдуу унааларга тыюу салган. Өзбекстан бир да унаанын чет жактан киргизбейт, бажы салымдарын чоң кылып койгон. Казактар менен орустарда да тыюу салынган. Жол кыймылы биздики сол рулга ылайыкташкан, адам өмүрү баарынан жогору турушу керек»- деп мүнөздөдү.

Ал ортодо  “Авто инпорттоочулар” ассоциациясынын жетекчиси Тилек Кожокулов мыйзам долбоорунун артыкчылыктарына токтолуп, мыйзам долбоорун кабыл алууга үндөдү.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө авто унаа кирбейт деп жатышат. Орусия оң рулдуу унаага уруксаат берген аларга оң рулдуу унаалар кирип эле жатат. 2015-жылы Армения ЕАЭБ өлкөлөрүнө оң рулдуу унааларды ташып сатып бюджетине жакшы акчаларды топтоп алышты. ЕАЭБ өлкөлөрүнө тыюу салынбагандан кийин бул мыйзамды кабыл алып автопарктарды жаңыртып, бюджетке да акча түшүрүп алсак болот. Коопсуздук боюнча айта кетсем, 2015-жылы Коопсуз шаар долбоордун камералары жок болчу. Ал кезде башка схемалар болуп турчу. Азыр камерелар бар көптөгөн кооптуу жагдайлар алдын-алынып калды”— деди.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинен бул мыйзам долбоору колдоо таппай калды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>