Аюу, түлкү, илбирс: Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяландыСадыр Жапаров Ташкентте бирдиктүү «Санариптик транзиттик коридор» платформасын түзүүнү сунуштады«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, Клевцовду суракка алып кетиштиӨкмөт башчы Москвага иш сапары менен баратКыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөнЧүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды
Экс-министр Руслан Казакбаевге кайра кызмат берилеби?
27.04.2022 | 13:30
Бүгүн эл өкүлдөрү тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырышты.
Депутат Жусупбек Коргонбай уулу экс-тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кандай иш кыларын сурады.
Жээнбек Кулубаев президент Тышкы иштер министрлигинин экс-жетекчиси менен жолуккан деп жооп берди. Руслан Казакбаев эс алып, ден соолугун чыңдоо керектигин айтты.
«Президент жеке өзү кабыл алды. Руслан Айтбаевич эки ай эс алып, ден соолугун чыңдоо керектигин айтты. Биз ага кандай гана тышкы саясат багытында болбосун жумуш берүүгө даярбыз», — деди Жээнбек Кулубаев.
Эске салсак, Руслан Казакбаев 22-апрелде КРнын тышкы иштер министри кызматынан бошотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат