Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулаган адам кармалды – сүрөт

29.04.2022 | 15:09

27-апрелден 28-апрелге караган түнү милиция кызматкерлери Орто-Токой суу сактагычында браконьерди кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кармалган адам Тоң районунун Орто-Токой айылынын 46 жаштагы тургуну. Андан 80 даана ак балык-лудога, бир километрге созулган синтетикалык тор жана моторлуу кайык табылып, алынды», – деп айтылат маалыматта.

Браконьерлик фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери башталды.

[image_carousel source=”media: 134203,134201,134202,134200″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top