Казакстанда баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды

Казакстанда баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды

Президент Касым-Жомарт Токаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоору боюнча Казакстанда референдум өткөрүүнү сунуштады. Бул туурасында Tengrinews.kz жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, президент белгилегендей, ал Конституцияга фундаменталдык мүнөздөгү жана өлкөнүн саясий системасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү демилгелеген.

«Биз жаңы мамлекеттик моделге, мамлекет менен коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы форматына өтүп жатабыз. Бул сапаттык өтүүнү “Экинчи Республика” деп атоого болот. Жумушчу топ негизги мыйзамдын 33 беренесине түзөтүүлөрдү даярдады. Бул өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Конституциялык кеңешменин кароосуна жиберилди, ал жакында өз чечимин чыгарат. Алдыда боло турган масштабдуу жана олуттуу өзгөрүүлөр өлкөнүн келечегине олуттуу таасирин тийгизет. Ошондуктан мен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча республикалык референдум өткөрүүнү сунуштайм», — деди президент Казакстан элинин ассамблеясынын сессиясында.

Токаев референдум ар бир жаранга өлкөнүн тагдырын чечүүгө түз катышууга мүмкүндүк берет жана ар тараптуу демократиялаштыруу жана “Жаңы Казакстанды” куруу багытын бекемдейт деп эсептейт.

Президент референдум эң маанилүү демократиялык институт экенин, бирок Казакстанда ал акыркы жолу 1995-жылы өтүп, азыркы Конституция кабыл алынганын белгиледи.
Казакстандын тарыхында эки жолу референдум өткөн. Биринчиси 1995-жылдын 29-апрелинде болуп, өлкөнүн президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу маселесин караган. 1995-жылы 30-августта өткөн экинчи референдумдун темасы Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоору болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>