Кечинде Ала-Тоо аянтында чоң концерт болот

Кечинде Ала-Тоо аянтында чоң концерт болот

Бишкек баатырдын эстелигинин жанында Бишкек шаарынын 144 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул туурасында калаанын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров чакырылган конокторду жана жалпы шаардыктарды эсте каларлык окуя менен куттуктап, Бишкек баатырдын эстелигине гүл койду.

«Бишкекте эмгекчил, активдүү жана заманбап жарандар жашайт. Борбор калаанын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана шаардыктардын биргелешкен аракети менен  гана калаанын ар бир тургуну  сыймыктана турган шаарга айлана алат.  Жылдык кирешенин көбөйүшүнө байланыштуу инфраструктуралык объектилерди курууга, соода жана тейлөө чөйрөсүн өнүктүрүүгө, жолдорду кеңейтүүгө жана жигердүү оңдоого шыктандырат”,-деди мэр куттуктоосунда.

Чакырылган коноктор Бишкек шаарынын ардактуу атуулдары улуттук эстраданын эмгек сиңирген артисттеринин аткаруусундагы музыкалык композицияларына күбө болушту.

Эртеден кечке борбор калаанын бардык булуң-бурчтарында майрамдык иш-чаралар өтүп, анын кульминациясы Ала-Тоонун башкы аянтында саат 19:00дө башталат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди сүйүктүү шаарыңардын туулган күнүн чогуу тосууга чакырабыз.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>