Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Алайда 17 жаштагы Зарина изделүүдө
16.05.2022 | 16:16
Ош облусунун Алай райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2005-жылы туулган Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну Авазбек кызы Заринаны табууга көмөктөшүүнү суранат.
Маалыматка караганда, Зарина ушул жылдын 29-апрель күнү болжол менен саат 13:30дө Гүлчө айылынан чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, дене түзүлүшү орто келген, чачы кара түстө, кашы-көзү кара.
Кийимдери: үстүндө кызыл түстөгү футболка, көк түстөгү шым, бутунда ак түстөгү бут кийим.
Милиция Авазбек кызы Заринаны көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо (03234) 5-14-72, 0558 82-48-80, 0704 89-30-34 телефондору аркылуу маалымдоону суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом