Базар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келетКыргызстанда күздүк дан өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү сатыкка чыктыБишкектеги орус театрында Вячеслав Виттихтин «Өлүк жандар» спектакли көрсөтүлөтОшто жергиликтүү дыйкандар менен өндүрүшчүлөрдүн «Түштүк Экспо-2026» жарманкеси өтүүдө«Батыш ишеним кризисине кабылды» — ЕАЭБдин товардык-чийки зат биржасынын башчысы«Тазалык» ишканасына 22 даана атайын техника тапшырылды
Кыргызстандыктар Түркияда өткөн күрөш боюнча мелдеште 4 медаль утушту
16.05.2022 | 16:24
Кыргызстандык спортчулар Түркияда өткөн күрөш боюнча эл аралык турнирде 4 медаль утушту.
14-15-май күндөрү Анталияда 20 жашка чейинки спортчулар арасында Champions 2022 эл аралык турнири өттү.
Бул турнирде Кыргызстандын атынан 5 спортчудан турган кыз-келиндер курама командасы катышып, 4 медаль утуп алышты.
Дильназ Сазанова 62 килограмм салмакта финалга чыгып, күмүш байгеге ээ болду.
Назик Мирлан кызы (50 кг чейин), Калмира Билимбекова (57 кг чейин) жана Бермет Нуридин кызы (59 кг чейин) коло медалга ээ болушту.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт