Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Тажикстандын футболчулары Бишкекке келди
18.11.2019 | 10:39
17-ноябрда Тажикстандын футбол боюнча курама командасы Кыргызстандын курама командасы менен өтө турган кезектеги беттешин өткөрүү үчүн Бишкекке келди.
Кыргызстандын Футбол федерациясы билдиргендей, бугүн, 18-ноябрда эки команданын машыктыруучулары журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүшөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстан 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында беттешет.
Оюн 19-ноябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.
14-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Жапония курамасына 0:2 эсебинде утулду.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт