2019-жылы 19-мартта жана 24-апрелде 2-майга чейин министрликтин сайтын жасап берүү жана жасалган сайттын кодун берүү боюнча келишим түзгөнү айтылат. Бирок кызматы үчүн 200 миң сом алган Атай Бейшенбек келишимди аткарган эмес. Мындай билдирүүнү Айыл чарба министрлиги расмий таратты.
Маалыматка караганда, Атай Бейшенбектен кабыл алуу комиссиясына сайтты тапшырбаган, чыгымды толтуруудан баш тарткан жана министрликтин 146 миң сомдук Canon үлгүсүндөгү фотоаппаратын алып, кайтарып бербеген. Бүгүнкү күнү Ленин райондук сотунун 2019-жылдагы Атай Бейшенбектен 200 миң сомду, фотоаппаратты жана соттук ишти кароо үчүн төлөнгөн мамлекеттик алымды өндүрүү боюнча чечими бар.
Жарандык активист Атай Бейшенбек буга чейин, 16-майда Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына сурак берип чыккан. Ал бул кадамдарды өзүрнүн саясий көз караштарына байланыштырып, 2019-жылы Айыл чарба министрлигине 200 миң сомго сайт жасап берип, бирок, ошол кездеги министр Эркинбек Чодуев жеке келишпестиктен кабыл албай койгонун Reporter.kg′ге билдирүүдө.
“Министрликтин расмий сайтын кайрадан жасаш үчүн атайын келишимдин негизинде сайт жасалган. Ал кезде Нурбек Мурашев министр болчу. Иш аткарылып, презентация болуп, экинчи бөлүккө акча бөлүнгөн. Андан кийин министр алмашып кетип, Эркинбек Чодуев жеке экөөбүздүн ортобуздагы мамиле начарлап атайын ушул ишти кабыл албай, бул иштин аягына чыгууга жолтоо болгон. Ал эми фотоаппаратка эч кандай тиешем жок. Жөн гана ойдон токулган нерселер. Соттун чечими менен тааныша элекмин. Техника алсаң «алды, берди» деген кагаз болуш керек. Соттун чечими мен жок эле чыкканына байланыштуу сотко кайрылдым» — деди Атай Бейшенбек.
Жарандык активист Атай Бейшенбек башка жакка чыкпоо тил каты менен коё берилген болчу. Ал бул иш аракеттерди өзүнүн саясий көз караштарына байланыштырып келүүдө.