Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды

Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды

Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 Маалыматка караганда,УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын 20-майында Кара-Суу районунун Тельман айылында жүргүзүлгөн “Тинтүү” ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстанды Өзбекстан менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылган.

 Бул тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, тоннелге кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт.

Ошол эле учурда жогорудагы жер астынан өтүүчү жолдун табылган аймактын ээси М.А.М. карата, ал адам учурда Жалал-Абад областынына караштуу Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жаткандыктан, акыл-эсин аныктоого кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылууда.

Учурда кылмышка тийешелүү заттарды алуу иштери жүрүп жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>