Милиция эсинен танган кишинин өздүгүн аныктоо үчүн элден жардам сурайт

Милиция эсинен танган кишинин өздүгүн аныктоо үчүн элден жардам сурайт

Бишкекте унаа сүзүп кеткен жөө адам эс-учун билбеген абалда ооруканага түштү. Бишкек шаардык милиция жабырлануучунун аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 23-майда саат 07:50 чамасында катталган. Анда 10-кичи райондо Мерседес Бенц унаасынын айдоочусу жөө адамды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жашы болжол менен 50-55 чамасындагы киши денесинен жаракаттарды алып, шаардык клиникалык ооруканага эс-учун билбеген абалда жеткирилген. Учурда ал комада жатат.

Бишкек ШИИББи тарабынан жөө адамды сүзүп кетүү фактысы боюнча тергөөгө чейинки иштер аткарылууда. Эгерде жабырлануучу же анын жакындары тууралуу маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81, (0553) 11-21-13, (0502) 22-24-12 же 102.

 Белгилери: бою 170 сантиметр, чачтары ак, арык, башка өзгөчө белгилери жок.

Кийимдери: боз түстөгү спорттук күрмө, жашыл свитер, көк футболка, кальсон, жынсы шым, кара кур, байпактары кара, кара туфли.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>