УКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен тааныштыМСК 1-майга чейин кимдер салык декларациясын тапшырышы керектигин эскертти16 жашка чейинки балдарга паспортту экинчи ата-эненин макулдугусуз алууга уруксат берилиши мүмкүн«Тасмада зомбулук, ырайымсыздык камтылган»: Кыргызстанда «Өч 2» көркөм тасмасы көрсөтүүдөн алынды2028-жылга чейин Кыргызстанда эски мектептер калбайт — КР башчысынын билдирүүлөрүндөгү негизги маселелер
Орусиянын “Урал авиалинии” авиакомпаниясы Кыргызстанга жүк-200дү бекер жеткирет
24.05.2022 | 12:13
Орусиянын “Урал авиалинии” авиакомпаниясы Кыргызстанга жүк-200дү бекер жеткирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Буга чейин Кыргызстандын жарандык аба жолдору мамлекеттик агенттиги орусиялык авиакомпания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 17-майда төмөнкү багыттар боюнча жүк-200 бекер ташуу боюнча макулдашууга жетишилди:
Челябинск – Ош;
Уфа – Ош;
Минералдык суулар – Ош;
Нижневартовск – Ош;
Казан – Ош;
Самара – Ош;
Сочи – Ош;
Самара – Бишкек;
Сочи – Бишкек.
Ошол эле учурда жүктү жөнөтүүчү перронду жана аэропорттун акысын өз алдынча төлөшү керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом