ФИФА рейтинги: Кыргызстан позициясын жакшыртты21-октябрга карата аба ырайы: Жаан-чачын күтүлбөйтБишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салды
Өлкөдө «Алтын тамга» аттестатын алган бүтүрүүчүлөр аныкталды
06.06.2022 | 08:52
Кыргызстанда 80 окуучу “Алтын тамга” аттестациясынан ийгиликтүү өтүп, артыкчылык аттестаттарына татыды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, сынакка 2 141 бала катышып, тесттен көбүнчө Бишкектеги мектептердин окуучулары (80 баланын 37си) өткөн. Экинчи орунда Ош (15) менен Жалал-Абад (11) облустары турат.
Буга чейин “Алтын тамга” аттестациясынан өтпөй калган айрым окуучулардын ата-энелери сынакка нааразы болуп жатканы маалымдалган.
Министрлик учурда апелляцияга арыз берип кайрылган бүтүрүүчүлөрдүн ишин техникалык комиссия кайрадан карап, толук каралып бүткөндө жыйынтык, башкача айтканда, аттестациядан өткөндөрдүн саны өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом