Шашылыш билдирүү: Ысык-Көл жана Нарындын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүнЭл аралык маанидеги Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолун оңдоп-түзөө иштери аяктоо алдындаАгартуу министрлиги мугалимдер үчүн жасалма интеллект боюнча онлайн курс иштеп чыктыКөк-Жар конушундагы мыйзамсыз курулуштарды бузууга каршылык көрсөткөн 5 жаран камалдыГерманияда аукциондо Пикассонун жасалма сүрөттөрү сатылганБишкекте жол тескөөчүсүнө пара берип жаткан чет элдик жаран кармалды
Кыргызстанда жүк ташуучу унаалардын жолдордо жүрүшүнө чектөө киргизилди
08.06.2022 | 10:20
Кыргызстанда жүк ташуучу унаалардын жалпы пайдалануу жолдордо жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгон учурда саат 10.00дөн 20.00гө чейин күчүндө болот. Учурда 18 тоннадан ашык жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынган. Бул жалпы пайдалануудагы жолдордун коопсуздугун камсыз кылып, пайдалануу мөөнөтүн узартат.
Жер-суу транспорту башкармалыгына Кыргызстандын аймагында жүк ташуу менен алектенген адамдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле тиешелүү жол белгилерин орнотуу тапшырмасы берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом