Депутат чек арадагы ок атышууда жараат алган эки жоокерге сыйлык берүүнү сунуштады

Депутат чек арадагы ок атышууда жараат алган эки жоокерге сыйлык берүүнү сунуштады

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Ражабалиев кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан улам жабыркаган эки жоокерге сыйлык берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Баткенге дарыгерлердин тобу барып, жарадар болгон эки жоокерди учак менен алып келишти.

“Дарыгерлердин бригадасы чоң жумушту аткарып, эки жоокерди учак менен алып келишти. Баткен облусунун башчысы менен операциядан чыккан эки аскер кызматкеринен кабар алууга бардык. Кыйналып жаткан жоокерлерден “Өзүңөргө келгенден кийин эмне кыласыңар? деп сурасак, “Кайра Баткенге барабыз” деп айтышты. Эки аскер кызматкерине жана дарыгерлерге Жогорку Кеңеш тарабынан сыйлык берүүнү сунуштайм”, — деди депутат.

3-июнда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн, өз аймагына кетүү талабын аткарбай, ок чыгарышканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген. Ок атышуу бир нече сааттан кийин токтогон. Бул окуядан Кыргызстандын эки аскер кызматкери жаракат алышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>