27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам берет
Кыргызстанда жүк ташуучу унаалардын жолдордо жүрүшүнө чектөө киргизилди
08.06.2022 | 10:20
Кыргызстанда жүк ташуучу унаалардын жалпы пайдалануу жолдордо жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгон учурда саат 10.00дөн 20.00гө чейин күчүндө болот. Учурда 18 тоннадан ашык жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынган. Бул жалпы пайдалануудагы жолдордун коопсуздугун камсыз кылып, пайдалануу мөөнөтүн узартат.
Жер-суу транспорту башкармалыгына Кыргызстандын аймагында жүк ташуу менен алектенген адамдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле тиешелүү жол белгилерин орнотуу тапшырмасы берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом