Жоокердин сабалышы: У.Шамырканов окуянын чоо-жайын айтты

Жоокердин сабалышы: У.Шамырканов окуянын чоо-жайын айтты

ӨКМдин аскерге чакырылган жоокеринин сабалышы боюнча окуя Аскердик прокуратура тарабынан иликтенүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, №86123 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөгөн катардагы жоокер Бекзат Эсенбековго 4-июнда операция жасалган.

“Жабырлануучу Талас облусунун тургуну болот. Ал №86123 аскердик бөлүгүндө нөөмөтүн өтөп жаткан. Алгач мага бөлүмдүн командири анын пневмания болуп, ооруканага жатып калганын маалымдаган. Андан кийин бутунда шишиги бар экени аныкталган. Андан соң республикалык ооруканага жиберилген. 4-июнь күнү дарыгерлер операция кылышкан. Анын жыйынтыгында табарсыгы жарылып кеткени аныкталган. Жоокер туугандарына аскер бөлүктүн командири аны табарсыкка тепкенин билдирген. Учурда анын абалы туруктуу оор деп бааланууда”, — деди ал.

У.Шамырканов №86123 аскердик бөлүгүнүн командири иштен алынганын билдирип, аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө жүрүп жатканын жана бул ишке тиешеси бар адамдар жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

Буга чейин жоокерди сабалышы боюнча прапорщик Ж.у.Т., кармалган. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жоокер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>