Бишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталды
Россиянын эки шаарынан Ысык-Көлгө аба каттамдары ачылат
09.06.2022 | 17:56
Ысык-Көлгө Россиянын Москва жана Новосибирск шаарларынан аба каттамдары ачылат. Бул тууралуу «Манас эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 16-июндан тартып “Аэрофлот” авиакомпаниясы Москва — Тамчы — Москва багыты боюнча жумасына эки жолу, бейшемби, ишемби күндөрү каттамдарды аткарышы күтүлүүдө;
19-июндан тарта S7 Airlines авиакомпаниясы Новосибирск — Тамчы — Новосибирск багыты боюнча жумасына бир жолу, жекшемби күнү каттамдарды аткарууну пландаштырууда.
Буга чейин «Манас эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы ушул жылдын жай айларында жарандар Бишкек шаарынан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учса болорун айтып, каттамдардын тизмесин жарыялаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом