“Манас” аэропортунан жайында кайсы өлкөлөргө учууга болот? Тизме

“Манас” аэропортунан жайында кайсы өлкөлөргө учууга болот? Тизме

«Манас эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы ушул жылдын жай айларында жарандар Бишкек шаарынан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учса болорун айтып, каттамдардын тизмесин жарыялады.

Казакстан 

Алматы — Бишкек — Алматы. Air Astana авиакомпаниясы күн сайын каттайт;

Нур-Султан — Бишкек — Нур-Султан. Air Astana авиакомпаниясы, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү;

Нур-Султан — Бишкек — Нур-Султан. FlyArystan авиакомпаниясы 18-июлдан тартып дүйшөмбү күндөрү каттамдарды аткарууну пландаштырууда;

Алматы — Бишкек — Алматы. Avia Traffic Company авиакомпаниясы 13-июлдан тартып күн сайын учууну пландаштырууда.

Өзбекстан 

Ташкент — Бишкек — Ташкент. Uzbekistan Airways авиакомпаниясы, дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү.
Түркия 
Стамбул — Бишкек — Стамбул. Turkish Airlines авиакомпаниясы күнүгө бир нече каттам, жумасына 16 каттам аткарууну пландаштырууда;

Анталья — Бишкек — Анталья. Turkish Airlines авиакомпаниясы 3-июндан баштап шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү учууда;

Стамбул — Бишкек — Стамбул. Pegasus Airlines авиакомпаниясы жумасына 14 каттам;

Анталья — Бишкек — Анталья. Pegasus Airlines авиакомпаниясы, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү;

Даламан — Бишкек — Даламан Pegasus Airlines авиакомпаниясы 28-июндан тарта шейшемби күндөрү учууну пландаштырууда.

БАЭ

Дубай — Бишкек — Дубай. Flydubai авиакомпаниясы күн сайын;

Шарджа — Бишкек — Шарджа. Air Arabia авиакомпаниясы, шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учат, 17-июндан тартып дүйшөмбү жана ишемби күндөрү эки каттамга көбөйтүүнү пландаштырууда.

Кувейт 

Кувейт — Бишкек — Кувейт. Jazeera Airways авиакомпаниясы шаршемби жана жума күндөрү.

Монголия 

Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор. Hunnu Air авиакомпаниясы, шейшемби жана ишемби күндөрү.

Иран 

Мешхед — Бишкек — Мешхед. Varesh Airlines авиакомпаниясы бейшемби күнү.

Кытай 

Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү. China Southern Airlines авиакомпаниясы 21-июндан тартып шейшемби күндөрү учууну пландаштырууда.

Россия 

Москва — Бишкек — Москва. «Аэрофлот» авиакомпаниясы жумасына 14 каттам аткарууну пландаштырууда;

Москва — Бишкек — Москва. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, күн сайын;

Бишкек — Москва — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы күн сайын;

Екатеринбург — Бишкек — Екатеринбург. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү. 7-июндан тартып шейшемби жана бейшемби күндөрү эки каттамга көбөйтүүнү пландаштырууда;

Самара — Бишкек — Самара. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы бейшемби күнү;

Сочи — Бишкек — Сочи. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жекшемби күнү;

Иркутск — Бишкек — Иркутск. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы жекшемби күнү;

Новосибирск — Бишкек — Новосибирск. «Сибирь» авиакомпаниясы күн сайын;

Бишкек — Новосибирск — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы шейшемби жана жума күндөрү;

Бишкек — Иркутск — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы бейшемби күнү;

Бишкек — Казань — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы дүйшөмбү күнү;

Бишкек — Красноярск — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы шейшемби күнү;

Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы ишемби күнү;

Тюмень — Бишкек — Тюмень. «Северный ветер» авиакомпаниясы ишемби күнү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>