Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын, — президент

Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын, — президент

Өкмөттүн курамынын 50 пайыздан ашыгын жаштар түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, өлкөдө кадрдык таңкыстык бар.

“Мен “мейли кимдин убагында иштебесин, мурда кандай кемчиликтери болбосун, ага көз жумабыз, эң негизгиси мындан ары мамлекет үчүн, эл үчүн иштеп берсе болду” деп башынан эле айтып келе жатпаймынбы. Анткени бизде кадрдык таңкыстык бар. Ошол үчүн Акаевден баштап Жээнбековго чейин иштеген бирин-экин күчтүү кадрлар бар. Менимче ошолорду айтып жатса керек. Биз ар бир министрдин, губернатор менен акимдердин жана администрацияда иштеген кызматкерлердин кандай иштеп жатканын байкап турабыз. Потенциалы бар кадрларды кетирбей кармап жүрөбүз. Аларды кетирип, ордуна тилинен чаң чыккан жаштарды дагы коюп көрбөдүкпү. Тилекке каршы, тилинен чаң чыккан менен өкмөттүк ишти тартып кете алышпайт экен”, — деди ал.

Мамлекет башчы мамлекеттик кызматтарды ээлеген жаштарды санап өтту.

“Бийликте жалаң эски кадрлар, жашы улгайгандар дегенди мен деле угуп калып атам. Эми так фактылар менен карап көрөлү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын. Күчкө, тажырыйбага толуп, иштей турган мезгили. Орун басарлары деле жаш эле. Бакыт Төрөбаев, Эдил Байсалов. Юстиция министри Аяз Баетов 37 жашта, Маданият министри Азамат Жаманкулов 35 жашта, Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов 36да, Экономика жана коммерция министри Данияр Иманалиев 39 жашта, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 32де. Президенттик администрациянын жооптуу бөлүм жетекчилери дагы жаш балдар-кыздар. Жаш менен бирге тажрыйба дегенди да унутпайлы. Андыктан, бул маселеде учурда кандайдыр бир көйгөйлөр бар дегенден алысмын. Албетте бир аз кемчиликтер бар. Жипке тизгендей дегенден алысмын. Бирок көч бара-бара түзөлөт. Түздөйбүз”, — деген Садыр Жапаров.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>