Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
“Хизб ут-Тахрир”уюмунун активдүү мүчөлөрү андан баш тартты (ВИДЕО)
13.06.2022 | 19:44
Жалал-Абад облусунун эки тургуну “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Ала-Бука районунун тургуну С.О.Т. жана Аксы районунун тургуну Х.М.М. тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.
Бул жарандар 1999 жана 2018-жылдардан бери “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтун активдүү кызматкерлери менен байланышта болушкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар