Ошто аткаминер 300 миң сом пара менен кармалды (ВИДЕО)

Ошто аткаминер 300 миң сом пара менен кармалды (ВИДЕО)

Ош облусунун Араван районундагы Алля-Анарова айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, С.И.И. аттуу жаран жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алып берүү маселеси боюнча оң чечим чыгаруу үчүн андан 300 миң сом талап кылган Ош облусунун Араван районунун Алля-Анарова айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси Ж.С.Ш. карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Буга чейин Ж.С.Ш. арыз берүүчүдөн 250 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган.

Ж.С.Ш. өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдагы “Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө” Жарлыгына таянып, арыз ээсине кезексиз жеке турак-жай курулушуна жер тилкесин берүүнү убада кылган.

2022-жылдын 09-июнунда калган 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Ж.С.Ш. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылды.

 

Тэги: Пара УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>