Дастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралууЭсептөө палатасынын Ош шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудити: 2,5 млрд сомдук карыз жана документсиз курулуштарКРде биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулдуАдылбек Касымалиев БУУнун эки экономикалык комиссиясынын жетекчилери менен жолуктуЭми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышатКыргызстанда пайдубалы толук бүтө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салынды
“Бишкекзеленхоз” ишканасы дарак кулап, жабыркаган кыздын дарылануусун төлөйт
13.06.2022 | 20:19
Баш калаада дарак кулап, андан жабыр тарткан кыздын дарылануусун “Бишкекзеленхоз” МИ төлөйт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин эл өкүлү куураган бактарды бутап, кыркуу иштерин жүргүзүп жаткан маалда токтоп турган унаалардын айынан ишкананын атайын техникасы теректи толук алып кете алган эмес.
«Ишкананын жетекчилиги бак кулаган кыздын ата-энеси менен жолугушту. Бөлүм дарыланууга кеткен чыгымды төлөйт. Ата-энелердин дооматы жок», – деп белгиледи эл өкүлү.
Бишкекте бак 13 жаштагы кыздын үстүнө кулап, ооруканага жаткырылган. Окуя Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыздын мээси чайкалган
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар