Дүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады2026-жылдын жазына карата Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баалары кандай өзгөрдү?Садыр Жапаров полимер түтүктөрүн чыгарган «Эл Пласт» заводуна бардыУКМКнын үч кызматкери ишкерлерден акча опузалоого шектелип кармалдыАдылбек Касымалиев Германиянын ТИМинин мамлекеттик министри Гюнтер Крихбаум менен жолугушту
“Бишкекзеленхоз” ишканасы дарак кулап, жабыркаган кыздын дарылануусун төлөйт
13.06.2022 | 20:19
Баш калаада дарак кулап, андан жабыр тарткан кыздын дарылануусун “Бишкекзеленхоз” МИ төлөйт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин эл өкүлү куураган бактарды бутап, кыркуу иштерин жүргүзүп жаткан маалда токтоп турган унаалардын айынан ишкананын атайын техникасы теректи толук алып кете алган эмес.
«Ишкананын жетекчилиги бак кулаган кыздын ата-энеси менен жолугушту. Бөлүм дарыланууга кеткен чыгымды төлөйт. Ата-энелердин дооматы жок», – деп белгиледи эл өкүлү.
Бишкекте бак 13 жаштагы кыздын үстүнө кулап, ооруканага жаткырылган. Окуя Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыздын мээси чайкалган
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар