Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Кыргызстанда эт тартыштыгы жаралдыбы? Жооп
13.06.2022 | 21:34
Сатуучулар борбор калаанын базарларында эт таңкыстыгы бар экенин айтышууда. Ошол эле учурда “Акчабарга” монополияга каршы кызматы өлкөдө эт тартыштыгы жок экенин билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө республикада эт базарында абал туруктуу.
«Учурда базарларда уй-кой эттеринде бир аз тартыштык бар. Сатуучулар анын себеби катары малдын жайлоого чыгып кетишин айтып жатат. Бирок, бул жүйө базарларда эттин таңкыстыгын жаратып жатат дегенди билдирбейт», – деп билдирди аталган кызмат 11-июндагы мониторингдин жыйынтыгында.
Кызматтын маалыматы боюнча, республика боюнча орточо эсеп менен кой эти 496 сомго, уй эти 472 сомго, канаттуулардын эти 260 сомго, чочко эти 393 сомго бааланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика