Мурдагы каржы министри Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледи
Футбол: Президент Кыргызстан менен Тажикстандын беттешине күбө болот
14.06.2022 | 16:50
Бүгүн, 14-июнда саат 21:00дө Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Тажикстандын командасы менен оюн талаасына чыгат.
Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтө турган беттешке президент Садыр Жапаров дагы катышарын анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойнойт. Тайпадагы ар бир команда буга чейин экиден беттеш өткөргөн.
Учурда Тажикстан менен Кыргызстандын экиден жеңиши бар, алар алтыдан упайга ээ. Бирок өткөргөн жана киргизген голдорунун айырмасы боюнча тажикстандыктар алдыда.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт