Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Футбол: Президент Кыргызстан менен Тажикстандын беттешине күбө болот
14.06.2022 | 16:50
Бүгүн, 14-июнда саат 21:00дө Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Тажикстандын командасы менен оюн талаасына чыгат.
Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтө турган беттешке президент Садыр Жапаров дагы катышарын анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойнойт. Тайпадагы ар бир команда буга чейин экиден беттеш өткөргөн.
Учурда Тажикстан менен Кыргызстандын экиден жеңиши бар, алар алтыдан упайга ээ. Бирок өткөргөн жана киргизген голдорунун айырмасы боюнча тажикстандыктар алдыда.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт