Ушул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайы
Кадамжайда курал-жарактар сакталган жай табылды
16.06.2022 | 10:04
УКМК тарабынан Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын иликтөө иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районунун тургуну Э.Р.Б. кармалып, жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 222ден ашык (5,45, 7,63), ар кандай калибрдеги ок-дарылар, 3 даана ок атуучу курал, 1 даана Ф-1 гранатасы, 230 даана ок, АК-74 магазини, мылтык үнүн баскычы табылып алынды.
Учурда Э.Р.Б. Кадамжай районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер көрүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом