Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Ош мэриясы 50 автобус сатып алууга насыя алат
16.06.2022 | 10:33
Ош шаардык мэриясы өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунан автобустар үчүн насыя алат. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында белгилүү болду.
Депутаттар 1 миллион 850 миң доллар өлчөмүндөгү насыяны 7 жылдык мөөнөткө жылдык 5 пайыз менен алууну макулдашты. Бул каражат Самарканд шаарындагы (Өзбекстан) СамАвто автозаводунун 50 автобусун сатып алууга жумшалат.
Мындан тышкары, кредиттин суммасынын 30 пайызын кошумча каржылоо үчүн республиканын бюджетинен трансферт түрүндө 50 миллион сом алуу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика