Бишкекте соттук эксперттерди даярдоо жана алардын жетишсиздиги талкууландыСоода-экономикалык кызматташуу, виза маселеси: Кыргызстан менен АКШнын ортосунда саясий консультациялар өттүБишкек – Ош унаа жолуна жаңы тоннель курулатЖогорку Кеңеште күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу маселеси көтөрүлдүОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө миң түп дарак отургузулдуЖогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болду
Улуттук банк «Кыргызалтын» чыгарган бир да куйманы саткан жок
18.06.2022 | 00:10
“Кыргызалтын” ишканасы чыгарган аффинаждалган алтын куймаларын бүгүнкү күнгө чейин эч ким сатып ала элек. Бул тууралуу “Акчабарга” Улуттук банктан билдиришти.
Эске салсак, Кыргызстандын Улуттук банкы 1-февралдан тарта “Кыргызалтын” ААК чыгарган аффинаждалган алтын куймаларын өлкөнүн ички рыногуна сатыкка чыгарган.
Маалыматка ылайык, сатуу баасы Улуттук банк тарабынан ар бир аффинаждалган алтын куймасы үчүн улуттук валютада жекече белгиленет жана расмий сайтка күн сайын жарыяланып турат.
Бүгүнкү күндө куймалардын баасы салмагына жараша 57,4 млн сомдон (12,03 кг) 62,4 млн сомго (13,07 кг) чейин өзгөрүп турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика