Төрага Мамытов спортчу Шевченкого белек берди

Төрага Мамытов спортчу Шевченкого белек берди

Бүгүн, 17-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов UFC версиясындагы аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды.

Жолугушууга спортчунун энеси Елена Шевченко, машыктыруучусу Павел Федотов, Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр-таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана вице-президенти Эмиль Токтогонов катышты.

Төрага Талант Мамытов Валентина Шевченкону акыркы ийгиликтери менен куттуктап, спорт аркылуу Кыргызстанды таанытып келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Ар бир жеңишиңиз биз үчүн сыймык. Айрыкча жаш спортчулар сизден үлгү алып, өлкөсүн даңазалоого шыктангандыгы бизди кубандырат”, – деди. Ошондой эле спортчуга Төраганын энчилүү саатын тапшырды.

Муну менен катар Талант Мамытов спорт чеберинин энеси Елена Шевченко менен машыктыруучусу Павел Федотовго да ийгиликтерди каалап: “Сиздер дайыма кыргыздын сыймыгы болгон кыздарыбызды ар тараптуу колдоп, алардын жеңиштерге карай умтулуусуна түрткү берип келесиздер”,– деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко чемпиондук наамын жети жолу коргоп, UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында рекорд койгон жалгыз спортчу болуп эсептелет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>