Рублдун наркы көтөрүлдү. 21-июнга карата валюталардын расмий курсу

20.06.2022 | 16:48

Кыргызстандын Улуттук банкы 21-июнга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады.

21-июнда америкалык валютанын баасы 79,5 сомду түзөт. Ошондой эле, улуттук валюта еврого карата бир аз төмөндөдү – 0,05%га, 83,6777ге чейин. Теңгенин сомго карата курсу 0,84%га бекемдеп, 0,1794 сомду түздү.

Рубль 1,56%га көтөрүлүп, 1,4029 сомго жетти, муну менен 2014-жылдын сентябрынан бери эң жогорку чегине жетти.

Scroll to Top