Банктар мигранттар которгон акчага кол салып жатат, — депутат

Банктар мигранттар которгон акчага кол салып жатат, — депутат

Жергиликтүү банктар мигранттардын чөнтөгүнө кол салып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кенештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында,  Орусиядан мекендештер которгон акчасын жергиликтүү банктар сом менен берип жатышат.

“Айыл банк”, “Керемет банк” жана “РСК” банкына чет өлкөдө иштеген мекендештер акча которушат. Мисалы мигрант 1000 доллар которо турган болсо, ошону банк сом менен берет экен дагы доллар менен алды деген справкага кол койдуруп алат экен. Сом менен бергенде орточо эсеп менен 3 сом айырма болуп жатат. Эл эмгектенип тапкан акчасын банкттар алып коюуда. Алар элдин чөнтөгүнө кол салып жатышат. Бул туура эмес да.  Айына Орусиядан Кыргызстанга мигранттар 200 млн доллар которушат. Эгер ошол суммадан 3 сомдон ала турган болсо, банктар айына 600 млн сом алып калууда”, — деди депутат.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутатка конкреттүү факт менен мисал келтирүүнү сунуштады.

Депутат өз кезегинде: “Мен “РСК” банкынын төрагасына жана “Айыл банктын” башчысынын орун басарына бул боюнча фактты бергем. Алар Ош облусунда ушундай учур болуп жатканын айтышты. Мен чалып, кийлигишкенден кийин гана ишти көзөмөлдөш керекпи? Ушуга окшош канча учурлар болуп жатат? Буга чара көрүү керек”, — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мигрант

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>