ЖК төрагасы тажик спортчуларын Кыргызстанда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырдыӨкмөт мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу тартибин бекиттиМарлен Маматалиев Казакстан Мажилисинин төрагасына Астанадагы көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын берүүнү сунуштадыКыргызстан менен Россия трансплантология жаатындагы кызматташтыкты күчөтөтАдылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушту – эмне жөнүндө сүйлөштү16-апрель: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 38%га чейин өстү
21.06.2022 | 17:12
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин 20-июндагы жыйынында Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25%дан 38%га чейин өскөнүн билдирди.
Депутат бул БУУнун маалыматы экенин белгилеп, өкмөттү өлкө ичинде иш орундарын түзүүгө чакырды.
Буга чейин БУУнун эксперти “инфляциянын өсүшү менен катар акча которуулардын кыскарышы Кыргызстандын ансыз деле жакыр жашаган үй-бүлөлөрүн киреше булагысыз калтырышы мүмкүн экенин” белгилеп, бүгүнкү күндө өлкөнүн ар бир төртүнчү тургуну жакырчылыктын чегинде жашап жатканын эскерткен.
Кыргызстан Дүйнөлүк банк түзгөн эң жакыр өлкөлөрдүн рейтингинде 60-орунда жайгашкан. Рейтингге ылайык, өлкө калкынын 53% жакырчылыктын чегинде жашайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом