УКМК эл аралык баңгизат сатуу каналы аныкталганын билдирдиКочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулдуКөңүл буруңуз! Көчмөндөр оюндары өтчү жайларга кандай буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынатНепалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 469 адамга жетти«100 ишкана түзөбүз»: Темир Сариев Кытай менен өнөр жай бирлигин курууга чакырдыБишкекте «Нелегал» рейддеринин жүрүшүндө 200дөн ашык чет элдик жаран аныкталды
Ошто «Балажан» бала бакчасынын имаратынын курулушу башталды
21.06.2022 | 16:46
Ош шаарында «Балажан» бала бакчасынын имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Курманжан-Датка МТУнун Түштүк-Чыгыш кичи районунда жайгашкан. Имарат 120 орунга ылайыкталган.
График боюнча имарат 9 айда пайдаланууга берилиши керек.
«Подрядчы «СК-Лидер» ЖЧК курулуш компаниясы объектти быйыл пайдаланууга берүү аракетин көрүүдө», – деп кошумчалады мэриядан
Эске салсак, тендер апрель айында жарыяланган. Курулушка 106 миллион 737 миң 379 сом каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом