«Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда»: Кытайдын элчиси форумда сөз сүйлөдүУКМК эл аралык баңгизат сатуу каналы аныкталганын билдирдиКочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулдуКөңүл буруңуз! Көчмөндөр оюндары өтчү жайларга кандай буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынатНепалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 469 адамга жетти«100 ишкана түзөбүз»: Темир Сариев Кытай менен өнөр жай бирлигин курууга чакырды
Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 38%га чейин өстү
21.06.2022 | 17:12
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин 20-июндагы жыйынында Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25%дан 38%га чейин өскөнүн билдирди.
Депутат бул БУУнун маалыматы экенин белгилеп, өкмөттү өлкө ичинде иш орундарын түзүүгө чакырды.
Буга чейин БУУнун эксперти “инфляциянын өсүшү менен катар акча которуулардын кыскарышы Кыргызстандын ансыз деле жакыр жашаган үй-бүлөлөрүн киреше булагысыз калтырышы мүмкүн экенин” белгилеп, бүгүнкү күндө өлкөнүн ар бир төртүнчү тургуну жакырчылыктын чегинде жашап жатканын эскерткен.
Кыргызстан Дүйнөлүк банк түзгөн эң жакыр өлкөлөрдүн рейтингинде 60-орунда жайгашкан. Рейтингге ылайык, өлкө калкынын 53% жакырчылыктын чегинде жашайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом