Кара-Сууда жол кырсыгы болуп, үч айыл өкмөт башчысы каза болду«Кыргызнефтегаздын» Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайландыКадамжайда мечиттин садака кутучасынан акча уурдаган шектүү жаран кармалдыСергей Кожемякин: көп векторлуулук доору аяктап баратат, БА өлкөлөрүнө тандоо жасоого туура келетБаңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында пара талап кылуу фактысы аныкталдыБишкекте жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган дизайн боюнча сынак өтөт
ӨКМ эскертет: Кыргызстанда аба ырайы 40 градуска чейин ысыйт
25.06.2022 | 15:08
Кыргызстандын аймагында 26-30-июндарда аба ырайы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +38…40°ка чейин жогорулашы мүмкүн.
“Урматтуу жарандар, абанын температурасы абдан ысыган учурда көлөкөдө болуңуздар. Өзгөчө улуу муундагылар, жаш балдар жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар салкын жайда болуусу зарыл!”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом