«Кыргызнефтегаздын» Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды

«Кыргызнефтегаз» ААКнын акционерлеринин жылдык жыйынында ишкананын Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды. Анын курамына Сагынбек Абдрахманов, Бакыт Егинбаев, Бакыт Саадабаев, Эркин Абдыкалыков жана Кеңешбек Масиров кирди.
Ишкананын маалыматында, Кочкор-Ата шаарында өткөн жыйында ишкананын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралып, 20га жакын маселе талкууланган.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдө мунай өндүрүүнүн көлөмү 167 миң тоннаны түзгөн. Ал эми жаратылыш газы 27,3 млн м³ көлөмүндө өндүрүлүп, белгиленген план 109%га аткарылган. Ошондой эле жыл ичинде 32 жаңы скважина казылып, анын 22си пайдаланууга берилген. Капиталдык салымдардын көлөмү 1 млрд 677 млн сомду түзгөн.
Мекеменин таза пайдасы 2 млрд 198 млн сомду түзүп, мамлекеттик бюджетке 1 млрд 745 млн сом которулган. Консолидацияланган таза киреше 2,589 млрд сомду түзүп, анын 25 пайызы (647,3 млн сом) дивиденд катары бөлүнгөн.
Жыйында ошондой эле 2026-жылга карата пландар айтылган. Ага ылайык, ушул жылы 165 миң тонна мунай жана 25 млн м³ жаратылыш газын өндүрүү пландалууда. Жалпы киреше 6,77 млрд сом, чыгашалар 3,86 млрд сом деп күтүлүүдө.
Башкармалыктын төрагасы Самсаалы Четимбаевдин билдирүүсүнө ылайык, мунай иштетүүчү заводду модернизациялоого мамлекет тарабынан 2 млрд сом бөлүнөт. Ошондой эле мунай продукцияларын экспорттоого коюлган чектөөлөр алынып, ишкана 2028-жылдан тартып Евро-4 жана Евро-5 стандартындагы күйүүчү майды өндүрүүнү баштоону көздөөдө.